“Бүгүнкү бийлик учурунда эч кандай сот реформасы болгон жок. Мурунку эки бийликтин учурунда сот системасы кандай болсо азыр андан да начар абалга түштү. Сотторду жогору жактан эки эргул гана башкарып калды. Ошол эки эргул кандай айтса соттор ошондой чечим чыгарып бере берет. Ошондуктан мыйзамсыз чечим чыгарган соттордун өздөрүн камап жазаламайынча сот системасы оңолбойт. Азыркы сотторду пачкалап алып барып камаш керек. Буларды мыйзамсыз чечим чыгарганы үчүн камабаса болбой калды. Жанагы сотторду тандоо кеңеши дегендерди жоготуп, сотторду эл же парламент шайлаш керек”, – деди бүгүн, 20-июнда экс-спикер Ахматбек Келдибеков NEXT TV телеканалына берген интервьюсунда
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ