Menu

Сабыр Муканбетов: “Жеңишке умтулган талапкер күч топтойт же өзү токтойт…”

Бөлүшүү:

– Сабыр байке, сөзүбүздү улайлы. Президенттик шайлоонун үгүт иштери  башталганы эки жумага жакындап калды. Талапкерлер деле  иргелип, Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун тегерегине  топтолушуп, негизинен ушу эки талапкер таймашаары ачыкталып  калгандай. Мына жакында эле Бакыт Төрөбаевдин Өмүрбек Бабанов менен  биригүүсү жарыяланды. Бул биригүү кандай натыйжаларды алып келет деген ойдосуз? 

– Нургазы, сөзүмдүн башында бир маселеге кыскача токтоло кетейин деп атам. Маек курганда, кээде эмоцияга алдырып, уятыраак сөздөр ооздон чыгып кетет эмеспи. Ошол сөздөрдү адабий синонимдерге алмаштырып, көз салып кой деп сүйлөштүк эле. Өткөндө, эки ирет ошондой бок ооз сөздөрүм ошол бойдон кетип калыптыр. Карап коюп жүрчү. Унутпай. Ини карындаштар окуйт экен, досторум сөгүп атат… Эми суроого өтөлү. Талапкерлер 13 болсо, президенттик орун бирөө эле, баарына жетпейт. Анан баарында амбиция болгон менен мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес. Ошон үчүн административдик ресурстун күчүнө ишенгендер Сооронбай Жээнбековдун, акчанын күчүнө  ишенгендер Өмүрбек Бабановдун тегерегине үймөлөктөшүп жатышат. Бул биригүү мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ирилешүү, биригүү менимче ушу эки талапкердин айланасында уланып, негизги күрөш ушу эки топтун ортосунда болчудай болуп калды. Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев экөө тең Жогорку Кеңеште фракциялары бар таасирдүү саясатчылар. Ошондуктан булардын кошулушу Өмүрбек Бабановдун шансын кескин жогорулаткандыктан, буларга  кошулууну көксөгөндөрдүн катары көбөйүп баратканы байкалат. Жакынкы күндөрү Адахан Мадумаров, Мелис  Мырзакматов, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров ж.б. бүгүнкү бийликке ичи чыкпаган саясый күчтөрдүн баардыгы ушу экинчи тарапка кошулчудай  болуп турат.

– Экинин бири катары каралып, марага жетет делинип келген Темир Сариевдин да Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы тууралуу бир нече ирет айтылган эле, эмнегедир ал сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкп     агандан улам, саясый топтор Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун тегерегине –эки жээке топтолуп, Темир Сариев өзүнчө, көлөкөдө калып кеткендей элес калтырууда. Сариевдин президенттик шайлоодогу шансы канчалык деп ойлойсуз?

– Темир Сариев бышып жетилген, мамлекет башчы болсо башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен тең ата сүйлөшүүгө жарай турган кыргыздын мыкты саясатчыларынын бири. Ал шайланса  Кыргызстанда коррупция менен күрөш чындап жүрүп, тартип орноп, өнүгүү жолуна түшөөрү шексиз. Тилеке каршы биздин коом бүгүн турмушка башкача көз салып, башка баалулуктарды карманып, акчага азгырылып, административдик күчкө таянып жаткандыктан татыктууларды тандай албайбыз. Б.а. татыктууларга биз өзүбүз татыксыз болуп жатабыз десем болот. Эми Сариевдин деле Бабанов менен эки-үч жолу жолукканын уктук. Жолугушуулар “мен биринчи болоюн, сен экинчи бол” деген менен аяктап, эч жыйынтык чыкпады көрүнөт. Таасирдүү саясатчылардын бир тобу “кто платит, тот заказывает музыку”, каражат тартыш болуп, акчаны Өмүрбек Бабанов чыгарып жаткандан кийин экинчи болуп кете бербейби дешип, Темирди  сындашты. Ошентип убакыт өтө берди, акыры “Бабанов президент, Төрөбаев премьер” деген  билдирүүдөн кийин негизги “ваканциялар” ээленип, Сариев үчүн эшик жабылып, биригүү реалдуу эместей болгонсуп калды. Эми ал не кылат? “Эмне болсоң ошо бол, Аксуунун башы жошо бол” деп өз арабасын согуп, акырына чейин жалгыз кетеби? Же башка жол издеп биригүүгө аракет кылабы? Биригүүнүн жолун издесе бир эле жол калды. Ал экинчи тарап –Сооронбай Жээнбеков тарабы. Албетте мындай кадамга барса Сариев азыркы бийлике каршы талапташтарынан айрылат. Бирок, ошондо да, админресурска таянып, арышын анча кере албай жаткан Сооронбай Жээнбековго  түндүктөн татыктуу тандем катары Темир Сариев куп жарашмак дегендер арбын.

– Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин тегерегиндеги биригүү иш  аракеттерине “бакиевчилердин проектиси” деген баа берүүлөр болуп жатат. “Бири президент, бири премьер болот экен, кантип болушат, буга чейин Бабанов премьерликти жойом деп жүргөнүн кантет?”- деген сын пикирлер айтылууда. Ушу боюнча кыскача оюңузду билдире кетсеңиз?

– Бизде ушундай адат болуп калды. Бирдеме болсо эле бакиевчилер дей беребиз. Айрыкча мындай сөздү биздин президентибиз Алмазбек Шаршенович, анан анын айлана-чөйрөсүндөгүлөр тынымсыз айтат. Башка айта турган аргументтери жок  болгондуктан, айласыз ушу сөздү кайталай беришет, кайталай беришет. “Өзүңдүн башыңдагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөсүң”- деген киши жок. Президент айлана чөйрөсүнө Максим Бакиевдин шнырларын топтоп алганына карабай эле ушинтип айта бергенден уялышпайт. Азыр ушул кепти Бакыт Төрөбаевге, бакиевдер аны кезинде ӨКМ министири дайындаганына байланыштуу айтып жатышат. Алар Атамбаевди деле министр, премьер-министр кылып дайындашканы менен иштери жок. Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары катуу такшалып, таасирдүү, өз алдынча саясатчыга айланып калды. Акыркы жылдардагы бийликтин репрессивдүү аракеттерин сындап, моюн сунбай, туруктуулук көрсөтүп, өз бетин сактап келе жатат. Бийликке ийилбей оппозицияга өтүп алгандыгы үчүн жакпай калгандыктан жанагындай жалган айыптоолорго кабылып жатат. Өмүрбек Бабанов эмне үчүн  талапкерлерди, саясатчыларды, саясый күчтөрдү бириктирүүгө аракет жасап жатат? Анткени ал канчалык көп колдоочуларды топтосо, ошончолук шансы жогору болоорун билип, аракет кылып  жатат. Антпесе ресурстардын баарын чачып ийип, талаада калаарын билет. Ар бир жеңишке умтулган талапкер ушундай аракетке барат, күч топтойт же өзү токтойт. Өмүрбек Бабанов аябагандай чоң каражат менен чыгып атканы айтылууда. Ал “жеңишке жетем – президент болом”- деп талпынууда. Ошон үчүн ал аны менен биригип, колдой тургандарды издеп, таап, сүйлөшүп жатат. Ага, ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө ала турган, компромиске дайын  саясатчы катары сыпаттамалар берилип жатканы да бекеринен эмес. Мындай биригүү аракеттерин жаман деп айта албайбыз. Андай биригүү аракетин баары жасашы керек, жасап да  жатышат. Мына ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Камчыбек Ташиев Сооронбай  Жээнбековго кошулуп отурат. Анан ушундай чоң саясый күчтөр, партиялар кошулганда албетте программалар кайра каралат, өзгөрүүгө туш болот.

– Сөзүбүздүн акырында “Лиглас Трейдинг” компаниясы тууралуу бир ооз кеп сала кетсеңиз. Бүгүн Сапар Исаковдун өкмөтү аталган чехиялык компания менен түзүлгөн келишимди токтотконун жар салды. Буга чейин, Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер бул келишим тууралуу чуулгандуу кептерди айтып, бийлик башындагыларды коррупцияга айыптап келгени маалым. Сиз кандай ойдосуз?

– Төбө чачты тик тургузган коррупциялык иштер тууралуу угуп эле келе атабыз, угуп эле келе атабыз, ызы-чуу боло түшөбүз, болгону ошо, эч жыйынтык жок болуп жатпайбы. Эмне үчүн андай болуп атат? Анткени “балык башынан сасыйт” деген кеп бар. Биз ошо болуп атабыз. Өзүң билесиң, мен көбүнчө саясый баяндама, анализ жагына көбүрөөк көңүл бөлөм. Кылмыштуулук, коррупция темасына кайрылбаган менен андан качып кутула албайт экенсиң. ЖМКлардан окуганда ШОК болом, кыжырым келет. Бирок айла жок. Башчылар өзүлөрү ууру-кески болуп атса кантип оңолот элек. Элибиз да тажап бүттү, Жаңыланууну самап турат. Эми, жанагы чех компаниясы тууралуу, бул башынан эле коррупциялык схема экени белгилүү болуп калган. Эдил Байсалов катыра айтып түшүндүрүп берди го… Эми ошол алдамчылык менен жыйырма жылга соттолгон чет элдик аферистин проектиси боюнча кол коюшу аземинин фонуна бакыйтып биздин желегибизди, президентти коюп алып ит кылышпадыбы. Эми ошолор өкмөт болуп атса өзүлөрүн өзүлөрү жазалашабы? Каржылык зыян келтирилген жок дешет, а моралдык зыянчы? Эмне биздин мамлекет “баланын үйү, бапанын алачыгыбы?”. “Мамлекет башчыбыз да аралашкан үчүн тигилердин кылы кыйшайбай” кайрадан көкөлөп өсүп атышат дегендерге эмне деп жооп беребиз? Мамлекеттик кызыкчылыкты сактоо максатында “булар ишенимсиз, сак болгула, келишим түзбөгүлө” деп кабар жөнөткөн элчибиз Эрмек Ибраимовду чехиялыктарга ачыктан ачык сатып, чыккынчылык кылган кызматкерлер жоопко тартылбай, кайра элим-жерим деген элчи кызматтан алынып, чыккынчылык кылгандардан маалымат алган чехтер биздин элчини омуроолоп жатса не дейбиз? Биздин мамлекетте ушуга окшогон терс көрүнүштөр көп орун алып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгына айландыргандар жазаланбай жатышы, тескерисинче кылдан кыйкым издеп, каяша айткандар менен макул эместердин камакка  алынып, куугунтукталып жатышы мамлекет башчысына көлөкө түшүрүп жатат. Ошондон улам эл ичинде “эй, эмне болсо да тынчыраак кетсинчи, Сооронбай болобу, Бабанову болобу болсун, иши  кылып тиги кетип, башкаруу системасы тазаланса экен” деген эле кеп.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: