Menu

Кыргызстан Казакстанга протест нотасын жөнөттү

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын тышкы саясий мекемесине протест нотасын жөнөттү. Анда кыргыз тарап казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстандагы президенттикке талапкерлердин бири менен жолугуп, ага колдоо көрсөткөнүнө таң калып жатканы айтылат.

Ошондой эле нотада Казакстандын башчысы Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпесин айтканына карабастан анын сөздөрү кыргыз президентинин келечегине карата ачык эле колдоо көрсөтүп жатканынын далили экени белгиленген.

“Кыргызстан бул айтылгандарды жана ошол жолугушуунун кеңири чагылдырылышын кыргыз элинин тандоосуна таасир этүү аракети жана ички иштерине кийлигишүү катары баалайт” деп айтылат нотада.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолукканы тууралуу маалымат Казакстан президентинин расмий сайтында 19-сентябрда жарыяланды. Жолугушууда “эки тараптуу кызматташуу жана бир тууган мамилени бекемдөө маселеси” талкууланганы жазылган. Бирок жолугушуу качан, кайсы жерде болгону маалымдалган эмес.

Шайлоо мыйзамына кирген жаңы өзгөртүүгө ылайык, чет элдик саясий ишмерлердин колдоосун шайлоо өнөктүгүндө колдонууга тыюу салынат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов чет элдин жарандары Кыргызстандагы шайлоо жараяндарында, үгүт процессинде катыша албасын “Азаттык” радиосуна билдирген.

Кыргызстанда президенттик шайлоого үгүт өнөктүгү 10-сентябрда башталган. Ал 14-октябрга чейин улантат. Талапкерлердин саны 13 адам.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: