“Мобу Нурханбек Момуналиев деген мурунку өкмөттүн аппарат башчысы, азыр кайта эле аппараттын башчысы болду. Нурханбек Момуналиев Бакиевдин парламенттеги өкүлү болчу. Ал ушул мага 2010-жылдын апрелинен кийин “Мен Бакиевчилмин! Мен буга сыймыктанам!” деп айтып жатат”, – деп билдирди Роза Отунбаева “Жалбырак” видеоканалына берген интервьюсунда.
“Менин андан ушунчалык көңүлүм калып Атамбаевге да айттым, башкасына да айттым: “бу кандай?” деп. Десем “жок алар иштеп жатышат” дешип койду. Нурханбек Момуналиев мына, 10 жылдан бери ошол жерден жылбай өкмөттө иштеп жатат. Кадр кызматына жетекчи болуп барып, ал жерди каалагандай бузуп-бычып, эми кайра өкмөткө келип иштеп жатат.Темир Жумакадыров дагы, өкмөттө иштегендердин ар бир экинчиси Бакиевдин колунан өткөндөр, ошолордон сабак алган балдар”, – деди Роза Отунбаева.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ