Menu

Зилалиев саясаттаануу илимине жаңы термин киргизди

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши президенттик шайлоого даярдыктарды 11-сентябрда атайын талкуулаган. Анда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кыргыз өкмөтү шайлоону таза уюштуруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтып баяндама жасаган болчу. Төмөндөгүдөй фактылардан кийин Кыргызстандын коопсуздугуна КСДПканын шайлоодогу аракеттери абдан таасир этээри көрүнө баштады.

Админстративдик ресурс колдонулбайт дегени менен шайлоого Өкмөт өзү аралашып, бакандай болгон вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 19-20-сентябрда Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын активдери менен жолугушуу учурунда “Мен сиздерден бөлүп суранганым: биздин талапкерибизди колдоп бериңиз. Президенттин саясатын уланта турган бул – Сооронбай Шарипович. Мен өзүм ошол кишиге берем. Бардыгыңыздар ушул мамлекеттен, ушул бюджеттен айлык маяна алып иштеп жатасыздар, суу ичкен кудукка, мен суранам, түкүрбөгүлө” – деп, Саясат таануу илимине партия менен мамлекет бир эле деген жаңы термин киргизип, мамлекеттин бюджетин КСДПнын бюджети экен деп ойлоп алды. Бул жерден “КР Президентинин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамдын 22-беренеси бузулду. Өкмөт мүчөлөрү шайлоого катышып админресурсту колдонуп жаткандыгы үчүн БШК КСДПга эскертүү бериш керек эле.

Вице-премьер-министрден баштап, мамлекеттин кызматкерлерди, жогорку окуу жайлардын ректорлорун, мектеп директорлорун коркутуп алган бийлик, мугалимдер менен студенттерге башка талапкерлерге добуш берсеңер таарынбагыла же “сен бошсуң, кете берсең болот. Биз өзүбүзчө сүйлөшүп алалы” деп кысым көрсөткөн фактылар катталып, интернет түйүндөрүндө чыгып жатат. Админстративдик күч деген ушундай болот, туугандар.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: