Парламенттик жыйынга кыргызча даярданып келген жаңы эле Экономика министри болгон Артем Новиковдун аракети кээ бир «киргиздер» үчүн үлгү болсо жакшы болмок. Бирок, 19-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында кыргызча баяндама жасап жаткан экономика министри Новиковго кайрылган «Кыргызстан» фракциясынан депутаты Нурлан Макеев орус тилинде сүйлөй берсе боло турганын айткан. Эл өкүлү министр баяндаманы кыргыз тилинде окуп берип, маанисин бузуп жатканын билдирген. Кандай болгон күндө дагы кыргызча баяндамага түшүнүп атышты да, туурабы?! Кыргызча сүйлөгөн министрге кайра орусча сүйлө деген Нурлан Кадыкеевич үчүн кыргыз тили бир тыйынча болсо эмне кылалы?! Кыргыз тилин жерип, байлыгына чиренген мындай «эл душмандары» ар бир доордо болуп келген да. Андан көрө депутат Макеев кыргыз тилинде сүйлөгөңүн сүрөөнгө алып койбойбу?! Айрым кыргыздарды кыргызча сүйлөттүрө албай жатсак, тескери сийет да, депутат мырза.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ