Menu

Бүгүн биздин футболчулар Тажикстандын футболчулары менен беттешет. Ким утат болду экен?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет. Оюн кечки саат 20:00до башталат.

Саат 17:00дөн баштап Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, Тажикстандын футболчулары 17-ноябрда Кыргызстанга учуп келишкен. Анын эртеси, 18-ноябрда эки команданын машыктыруучулары басма сөз жыйын өткөргөн. Анда Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин менен Тажикстандын улуттук курамасынын машыктыруучусу Усмон Тошев алдыда боло турган оюн, ага даярдык кандай жүрұп жатканы боюнча айтып беришкен.

14-ноябрда Кыргызстан менен Жапониянын футболчулары ойноп, жыйынтыгында, Жапония 2:0 эсебинде Кыргызстанды утуп алган.

Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар өлкөсүндө өтөт. 2022-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылдагы Азия кубогуна футбол боюнча кандай даярдык жүрүп жатканы тууралуу 6-ноябрда Өкмөттө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова  атайын жыйын өткөргөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: