Menu

Кыргыз өкмөтү кепилдик төлөмдү кайтарбайт

Бөлүшүү:

Мурун Кыргызстанда 14 чакан ГЭСти курууга тендер жарыяланып чехиялык «Liglass Trading» ишканасы анын ичинен 10 ГЭСти куруу үчүн тендерди утуп алган. Аталган компания чакан ГЭСтер менен кошо Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын дагы курууну өз мойнуна алып, конкурска катышуу үчүн кепилдик каражат катары 1 млн 147 миң которгону кабарланган. Ишкана аны менен катар Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына «РусГидро» короттук деген 37 млн доллар каражатты 19-сентябрга чейин төлөөгө милдеттенме алган эле. Бирок берилген мөөнөттө каражатты төгө албай, кыргыз өкмөтү 18-сентябрда «Liglass» менен болгон келишимди жокко чыгарды. Эми чех тарап кепилдик төлөмүн артка кайрып алууга белсенип жатышат. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында алардын сотко бергенге укугу, акысы бар. Ал эми кыргыз тараптын позициясы жакшы, соттошконго даяр. Бирок Кыргызстандын өкмөтү 1 млн 47 миң өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү кайтарбайт.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: