16-сентябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн КВН боюнча «Жайдарман» лигасынын Астана акиминин кубогу үчүн оюнунда «Тамашоунун» «Ассорти» командасынын оюнчусу Айбек Бектемиров «Мыкты оюнчу» аталды. Бул тууралуу ал өздүк баракчасында билдирген. «КВНге жалпысынан 16 команда катышты. Алардын ичинен 1 гана биз Кыргызстандын атынан бардык, калгандары казактар болду. Кубокко «Костанай» командасы ээ болсо, мага «Мыкты оюнчу» наамы менен 100 миң теңге ыйгарылды. Бул жеңиш меники гана эмес, жалпы командабыз жана Кыргызстандыкы», – дейт Айбек Бектемиров. Айта кетчу нерсе, «Ассорти» командасы «Тамашоунун» 9-сезонунда чемпион аталган.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ