Menu

Депутат Жамалдинов Кыргыз тилин акчасыз эле өнүктүрөт…

Бөлүшүү:

Сүйлөйт десе эле сүйлөй бергендер да бар арабызда. Маселен, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов Мамлекеттик тил комиссиясынын ишмердүүлүгүн сынга алып чыкты.

Анын айтымында, Мамлекеттик тил комиссиясы бүгүнкү күндө котормого 140 миллион сом каражат короткон. “Мамлекеттик тил комиссиясынын 2020-жылга чейин тилди өнүктүрүү боюнча программасы бар экен. Ошого 490 миллион сом каражат каралган. Кыргыздарга эне тилин акча коротпой эле үйрөтсө болот. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик тил комиссиясы башка тилдеги  чыгармаларды которуу үчүн 140 миллион сомду иштетиптир”,- дейт Жамалдинов.

Бирок, ошол эле маалда Зиядин мырза акча коротпой туруп кантип китептерди которуу, басып  чыгаруу керектигин айта албады. Башка элдердин адабияттарын кыргыз тилинде окутмайын  кыргыз тили эч качан өнүкпөстүгүн түшүнбөгөн эл өкүлүнүн «куру бакылдагына” баракелде  дейлиби?

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: