2017-жылдын 14-сенябрында болжол менен саат 10:30да Ленин райондук ИИБине чалуу келип түшкөн. Анда таштанды салынган челектен жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси табылгандыгы, анын зордук менен өлтүрүлгөнү айтылган. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Нарын облусунун 30 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалган.
Аталган факты боюнча Ленин райондук ИИБ тарабынан 100-статья (эне тарабынан жаңы төрөлгөн наристени өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ