Menu

Жумакадыр Акенеев, экономика илимдеринин доктору: «Өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын, пенсияны эки эсе көбөйтүүсү керек»

Бөлүшүү:

Кыргызстан ЕврАзЭСтин курамына киргенде бул уюмдун биздин өлкө үчүн келечеги жок экендиги тууралуу коомчулукта бир топ кептер жүргөн. Дегеле эки жылдын аралыгында аталган уюмдун мүчөсү катары эмнеге жетишкендигибизди жакшылап билүү үчүн экономика боюнча эксперт Жумакадыр Акенеев менен баарлашкан элек. Жумакадыр мырза кеп кезегинде жетишкен ийгиликтерибизге кеңири токтолуп, төмөндөгүдөй маалыматтарды айтып берди.

— Жумакадыр мырза, Кыргызстандын ЕврАзЭСтин курамына киргенине эки жылдан ашып калды. Бул жылдардын аралыгында биздин өлкө кандай ийгиликтерге жетишти?

— Кыргызстандын ЕврАзЭСке киргенине быйыл 12-августта толук эки жыл болду. Эки жылдын жыйынтыгы биздин өлкөнүн туура жолду тандап алганын көрсөтүп койду. Мунун баары экономика жана башка тармактар жагынан далилдүү болуп жатат. Экономика жагын ала турган болсок, биз 2016-жылы ЕврАзЭСтин толук мүчөсү болуп жүрдүк. 2015-жылга салыштырмалуу ички дүң продукциябыз 6,8%га өстү. Ошол эле учурда Казакстан, Россия, Белоруссиянын экономикасы мурдагы жылкыга караганда төмөнүрөөк болуп калды. Буга санкция жана башка жагдайлар себеп болду. Акча бирдиктери биздин сомго салыштырмалуу катуу девальвацияга учурады. Эми 2017-жылдын тогуз айынын толук жыйынтыгы жакында чыгат. Бирок сегиз айдын жыйынтыгы боюнча азыр биздин экономикабыздын өсүшү ички дүң продукция жагынан 9%дын тегерегинде болуп жатат. А, биз 6%га милдеттенме алганбыз. Демек, алдыда келе жатабыз деп айтсак болот. Экспорттук потенциал болсо сегиз айдын жыйынтыгы менен былтыркы жылга салыштырмалуу 32%га өсүп жатат. Ошонун ичинен айыл-чарба тармагыныкы 20%га, жеңил өнөр жайдыкы 40%га өстү. Тагыраак айтканда жакшы шарттар түзүлүп жатат. Себеби биздин өндүрүлгөн продукциянын баары тынымсыз сатылып жатат. Эч кандай тоскоолдук жок.

— Кандай кыйынчылыктар болду?

— Эми кээде кыйынчылыктар да кездешпей койбойт, аталган биримдикке кирген мамлекеттердин өздөрүнүн шарттарына карата. Мисалы, биз 150 миң тонна продукция экспорттосок, кайра артка 200 тонна кайтарып жаткандары да бар. Бул эми аларга салыштырмалуу 1%ды да түзбөйт. Ашып кетсе 0,1%ды эле түзүп калат. Мындан тышкары биздин экономикабыздын бирден-бир көрсөткүчтөрүнүн бири катары эсептелген инфляциябыз 2,5–3% болуп жакшы деңгээлде келе жатат. ЕврАзЭСге киргенде товарлардын баалары укмуштай көтөрүлүп, инфляция 15–20% өсүп элге кыйынчылык жаратат деп бардыгы ойлошкон эле. Буга негиз жок. Эми азык-түлүк продукцияларынын арасынан акыркы учурларда эле эт бир аз кымбаттап кетти. Себеби коңшулаш Өзбекстан чек арасын ачкандыктан ал жакка кымбат баа менен эт сатыла баштады. Анткени бул өлкөдө бизге салыштырмалуу эт, сүт продукциялары 30%га кымбатыраак. Бирок мындай көрүнүш биз үчүн жакшы деп айтсам болот. Мурда биз бул продукциялар Казакстан менен Россияда кымбат болгондуктан ошол мамлекеттерге сатчубуз да. Азыр болсо мурдагыга салыштырмалуу экспорт азайгандыктан аталган продукциялар Өзбекстанга экспорттолуп жатат. Анан кымбат баа менен сатканда дыйкандар көбүрөөк пайда көрөт. Ошол эле учурда ортомчулар да пайда көрүүсү мүмкүн. Эми мындай көрүнүш эл үчүн бир аз туура эмес иш дечи. Бирок дыйкандар үчүн, өндүрүш үчүн жакшы эле көрсөткүч болуп эсептелет.

— ЕАЭС уюмуна мүчө болуп киргенден кийин тышта жүргөн мигранттар үчүн абал жакшырат деген шарт болгон эле. Азыр мигрант мекендештерибиз ошол шартты пайдалана алдыбы?

— Учурда эмгек мигранттарыбыз ишкерлерге айланды. Алардын акыбалдары жакшы. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу алар быйыл жети айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга 1,3 млрд доллар которушту. Жылдын аягына чейин бул сумма 2 млрддан ашат деген үмүтүбүз бар. Буюрса алар которгон акча каражаттарынын саны улам көбөйүп жатат. Бул болсо биздин мамлекеттик киреше бюджетинен 1,3 эсе көбүрөөк экенин баса белгилеп кетмекчимин. Ошол мекендештерибиз которгон акча каражаттарынын эсебинен үйлөр, мейманканалар жана башка курулуш объектилери салынып жатат. Биздин мамлекеттин бюджетине түшкөн акча каражаттарынын 70%ы социалдык тармактарга бөлүнөт. .

— Өлкөбүздүн экономикасын “жашыл экономика” деп атап жатабыз. Жашыл экономика деген эмнени түшүндүрөт?

— Пайыз менен алып караганда КМШ мамлекеттеринин ичинен биздин өлкөнүн бюджети эң социалдуу бюджет болуп эсептелет. Буюрса келечегибиз мындан да жакшы болот демекчимин. Себеби азыр биздин экономикабыз жашыл экономикага жакын болуп эсептелип калып жатат. Жашыл экономика болсо бул адамдын ден соолугуна жакшы таасирин тийгизчү экономика болуп эсептелет. Биздин өндүргөн продукцияларыбыз экологиялык жактан таза, тиккен кийимдерибиз сапаттуу болуп жатат. Туризм, энергетика, суу чарба тармактары аталган экономиканы көтөрөт. Дегеле жашыл экономикага жакын мамлекеттердин бири катары Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча 15 мамлекеттин ичине кирет. Негизи эле биздин өлкө табият тартуулаган таза суунун ээси болуп жатпайбы. Мындан тышкары дем алган абабыз да таза. Башка мамлекеттердегидей тынымсыз иштеп жаткан завод-фабрикаларыбыз деле жок.

— Бирок борбор калаабызда экологиялык жактан көйгөйлөр кездешип жатпайбы. Буга эмне дейсиз?

— Чын эле борбор калаабызда машиналар көп болгондуктан экологиялык жактан көйгөйлөр бар. Негизи мен келечекте ТЭЦти реконструкция кылбай эле жаап салсак туура болмок деп ойлочу элем. Себеби ага короткон акча каражатын Кара-Кечеге 4,5 млрд киловатт-саат электр энергиясын өндүрчү ТЭЦ курсак мунун жыйынтыгы жакшы эле болмок. Бирок азыр борбор калаабыздагы ТЭЦтин реконструкцияланганы абдан жакшы иш болду. Учурда бул ТЭЦ мурдагыга караганда 300 млн киловатт-саат көбүрөөк электр энергиясын өндүрөт. Тагыраак айтканда кышында Токтогул суу сактагычын иштетүүнүн эч кандай кажети жок. Анткени, Бул ТЭЦтин өндүргөн электр энергиясы менен Бишкекти анан өлкөнүн түндүк аймагын камсыз кылганга жетишсе болот. Азыркы жетишкендиктер аздык кылат. Кыргызстан ички дүң продукциясын үч-төрт жылдын аралыгында эки эсе көбөйткөнү оң. Өкмөт болсо бюджеттин көзүн караган мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын, ошону менен бирге пенсияны да эки эсе көбөйтүүсү керек. Учурда сом дагы девальвацияга учурады. Мисалы, долларга айлантканда биз мындан үч-төрт жыл мурда айлыкты да, пенсияны да көбүрөөк алчубуз. Себеби айлык, пенсиясы көбөйбөсө эл кыйнала баштайт. Кытай, Иран менен соода-сатык иштери жандана баштаса эт менен сүт кымбаттайт. Ошондо бул мамлекеттерге өндүргөн продукцияларын сатканга фермерлерге ыңгайлуу болот. Иранда бизге салыштырмалуу эт менен сүттүн баасы үч эсе кымбат. Кытайдын өнүккөн аймактарында болсо эки эсе кымбат экендигин эсиңиздерге сала кетейин. Эгер бул мамлекеттерге аталган продукциялар экспорттолбосо анда биздин базарларда да өзгөчө шаардыктар үчүн эттин баасы кымбатташы мүмкүн. Айылда жашаган эл болсо өздөрүн камсыз кылса керек. Алар жерди иштетип, мал кармагандыктан өзүнүн үй-бүлөсүн бакканга кудурети жетет. Негизи эле шаардыктарды азык-түлүк менен камсыз кылууга биздин дыйкандар даяр деп айтсам болот. Буюрса кийинки эки жыл менен салыштырып караганда жыйынтыктар жакшы.

— Демек, биздин өлкө аталган биримдикке туура эле кирген экен да?

— Ооба. Эгерде учурунда ЕврАзЭСке кирбегенибизде бир топ эле кыйналмакпыз. Чек аралар жабык болмок. Миллионго жакын эмгек мигранттарыбыз атайын сынак тапшырышып, жумушка орношо албай, каттоого тура албай көр-тириликтин азабын тартышмак. ЕврАзЭСке киргенибиз үчүн Россия бизге экспорттук пошлинасы жок күйүүчү, майлоочу майларды берип жатат. Андан тышкары 1 млн тонна чийки нефть беребиз деп убада берип ратификациядан өткөзүшкөн. Кара-Балта тараптагы нефть иштетүүчү завод Кытайдыкы болгондуктан иштебей жатат. Мунун себеби бир аз мамлекеттик структурага байланыштуу. Россия муну менен эле чектелип калбастан биздин армияны 1 млрд долларлык аскер техникалары менен камсыз кылды.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: