Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев коронавируска тест тапшырбайт. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымы боюнча, Алмазбек Атамбаевде коронавирустун белгилери жок, ал ПЧР-тест тапшырбайт жана тест тапшыруусу зарыл эмес.
“Алмазбек Атамбаевдин кан басымы өтө төмөн, кыймылдын координациясы начар, бирок дагы деле аны текшере турган дарыгерлер чакырылган жок. Мен бул тууралуу бир нече жолу сурангам. Саламаттыкты сактоо министрлиги корутунду берсин. Эгерде Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу чың болсо, анда эч кандай коркунуч жок, жакшы, бирок эгер ал ооруп жатса, анда эмне үчүн дарылоодон баш тартмак эле?” – дейт адвокат.
Эске салсак, 22-майда Атамбаевдин уулу Сейит атасынын ден соолугу кескин начарлап кеткенин айткан.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев айыпталуучу катары бир нече кылмыш иши боюнча өтүп жатат. Алардын ичинен: Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жана 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча. Учурда сот процесстери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ