Menu

“Алай” чемпион!

Бөлүшүү:

Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты – ,Топ-Лиганы Оштун “Алай” клубу жеңип алды. Өлкө биринчилигинин аякташына үч тур калганда жеңишти камсыздаган оштуктар, ушуну менен үчүнчү жолу катарынан алтын медалды тагынышты.

Чемпиондук оюнда “Алай” турнирдик тизмеде экинчи бара жаткан Канттын “Абдыш-Атасын” кабыл алды. “Алайга” биринчиликти багындыруу үчүн бул оюнда тең чыгуу да жетмек. Ош шаарындагы А. Сүйүмбаев атындагы стадиондо өткөн беттеш 1:1 эсеби менен аяктады. Оюндун биринчи таймында коноктор чабуулга чыгып эсеп санын Саламон Инкумдун голу менен ачса, “Алай” жообун беттеш аяктаарына 10 мүнөт калганда Одилжон Абдрахмановдун голу менен берип эсеп теңелди.

Жыйынтыгында “Алай” командасы 41 упай топтоп чемпиондукту камсыздаса, “Абдыш-Ата” 32 упай менен 2-орунда калды. Ал эми үчүнчүлүктө 26 упай менен “Дордой” командасы бара жатат.

“Алай” ушуну менен Кыргызстан биринчилигин төрт жолу багындырды.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: