Menu

Президент “административдик ресурс колдонулбайт” дебеди беле?

Бөлүшүү:

Бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековду «колдоого» албаган бир да мамкызматкер калбады көрүнөт. Президент Атамбаев шайлоо баштала элек маалда, шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө шектенген тараптагылардын демин басып «админресурс колдонулбайт» деген убадасын берген эле. Ал турмак «ат дарбыса, эшек кошо дарбыйт» болуп, бийликчил партиянын талапкери десе эле өзүнөн-өзү ага добуш чогултуп берүүнү демилгелеген мамкызматкерлер да болоорун айткан. «Андай кулдан душман артык», -деген Президент админресурсту колдонгон чиновниктерге жаза катуу болоорун да белгилеген. Бирок президент жөн гана эл көзүнө айтып койдубу же төбөдө отурган ажосунун сөзүн ылдый жактагы чиновниктер чымын чаккандай көрүшпөйбү, айтор шайлоонун үгүт иштери башталганы Жээнбековго жапатырмак жан тартуу да старт алды. Бирок ээлеген кызмат ордунан пайдаланып, шайлоочуларга басым жасап атышкандыктарын өздөрү моюндарына алгылары келбейт. Болушунча “админресурс колдонулбаганын, бардык жерде «акыйкаттык» орноп, КР шайлоо мыйзамдарына шайкеш келген иш-аракеттер көрүлүп атканын” айтып актанышууда. Айды этеги менен калкалай алышпасын алар түшүнүшпөйбү? Сокур адамга да админресурс ар кайсы жактан жылтылдап көрүнүп турат. Анда, кеп ошол «жылтылдактар» тууралуу болсун.
Жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери үгүт иштери башталаары менен «Биз коркпойоуз!» аттуу акциясын өткөрүшкөн. Студенттер жашап жаткан коомунун, айрыкча бийликтин убадасында турбашын жакшы билишкендиктен, шайлоодо сөзсүз түрдө кайсы бир талапкерди колдоого алдырууга мажбурлоо болоорун билишкен. Ошондуктан, алдын-ала жогорку жак «бөрк ал десе, баш алган» окуу жайларынын жетекчилигине кулак кагыш кылып, алардын да өз тандоосу бардыгын, туура деп тапкан чечимдерин ишке ашырып, каалаган талапкерине добуш берүү укуктары бардыгын эскертишкен. Акция өз нугунда өттү, жаштардын пикири менен эсептешип койбогон бийлик алардын талабына көңүл да буруп койбоду. Жакында эле окуу жайлардын студенттерин “Сооронбай Жээнбековго жан тарткандар” жана “жан тартпагандар” деп бөлүп, бийликчил партиянын талапкерине добуш берүүгө көндүргөн жыйын жетекчилик тарабынан болгонун жана ага каршы экенин соцтармакка Чолпон аттуу 2-курстун студенти жазып калтырды. Студент кыз шайлоочунун эркин тандоо укугуна доо кетирген чиновниктердин аракетине ачык каршылык билдирди. Эгерде студенттер жетекчиликтин айтканынан баш тартышса, өзүм билемдикке барышса, окуудан айдалаарын да айтышкан экен. «КР Шайлоо тууралуу» мыйзамында «ар бир жаран эркин шайлоого жана шайланууга укуктуу» деп турат. А иш жүзүндө, жогорудагы мисалды эске алганда, Конституциянын көрсөткөн багыты менен баратабызбы? Дагы деле бийлик өзүнүкүн таңуулап, “эртеңки Кыргызстан” деп эсептелген жаш муундардын да эмитеден демин кайтарып, бир чийинге киргизип алуунун аракетин жасап атпайбы. Студенттерди «окуудан айдайбыз» дешип талуу жеринен кармаган чиновниктер мыйзамсыз жоруктарга барып атышканы үчүн жок дегенде жалгыз калганда беттери чымырап, абийири алдында бир аз уялымыш болуп коюшар бекен?

Кыргызстан светтик өлкө экени Конституцияда жазылып турат. Ар кандай мамлекеттик иштерге диний агымдын өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү туура эмес. Мамлекетибизде адамдардын диний ишенимине тыюу салынбаган. Мусулманбы, христианбы, ким болбосун диний ишенимин бекем кармап, уланта алат. А бирок бул “ажылардын элге үгүт жасап, кайсы бир талапкерге добуш берүүгө чакырык жасоосуна болот” дегенди билдирбейт. Мусулмандардын жол башчысына айланган Чубак ажы Жалилов үгүт иштерине кантип аралашып кеткенин карап турган эл байкабай да калды. Ал өлкөдөгү молдокелерди четте карап тура бербей, Жээнбековдун шайланышына активдүү салым кошууга чакырды. Ажынын айтымында, “Сооронбай Жээнбеков президент болууга татыктуу, анткени анын үйүндө кыргыз салттары сакталат, устукан тартылат, аялы олобо жасай алат, балдары коноктор устуканын мүлжүп бүтүшкөндөн кийин колдоруна суу куят. Намаз окуйт. Канча жыл тынч иштеп, унчукпай милдетин аткарып келди. Азыр пайгамбар курагына жетти. Демек, мындан артык президентти табуу мүмкүн эмес”. Чубак ажынын көз карашынан алганда бир мамлекетти башкарууга ушул сапаттар жетиштүү экен. Эң башкысы, намаз окуса болду. Динчилдердин жардамына шайлана элек жатып чаңкаган болочок президент эртең бийликти колго алгандан кийин Кыргызстанды диний мамлекетке айлантып, бети-башын чүмкөгөндөрдүн өлкөсү кылып жибербейт деген кепилдик жок. Балким, ажы так ушул нерсеге жетүү үчүн алдын-ала “админресурс чеңгээлинде турганда бийликтин талапкеринин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болсо керек” деп Жээнбековго жан тартымыш болуп аткандыр. Аалымдын адашуусу жалпы мусулмандардын адашуусуна алып келет. Жаңылыштыктын кесепетин жок кылуу оңойго турбайт. Учурда өлкөбүздө Чубак ажынын айтканын мыйзамдай кабыл алган жарандардын катары арбын болгондуктан, аны өз ресурсуна тартуу бийликтин кезектеги кызыкчылыгы. Диний аалымдар кайсы бир жакка жан күйгүзүп жибербей, бейтарап болуп турганы өлкө үчүн пайдалуу болчу.

Минтип, Жээнбековдун чачпагын көтөрүп аткандар, админресурсту ашепке пайдалангандар “Кыргызстан татыктуу президенттүү болсун” – деп жулунбаганы деле маалым. Аларга азыркы ээлеп отурган жайлуу орундары сакталып калса болду. Ал эми “админресурс колдонулган жок” – деп кыйкыргандар өздөрүнөн башкалардын деле көздөрү бар экенин ойлоп коюшса.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: