Ушул жылдын жай айларында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл, Токтогул, Ноокен жана Сузак райондорунда жайгашкан жайлоолордо бош жүргөн малдарын белгисиз жарандар тарабынан уурдалып кеткендиги тууралуу жергиликтүү тургундар райондук ички иштер бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылышкан. Жабырлануучулардын арызында жалпысынан 59 бодо мал уурдалганын маалым болгон. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Натыйжада келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллион 780 миң сомду түзгөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Ош облусунун Алай районунун 44 жаштагы С.Т., Ж.К. жана 33 жаштагы Т.Б. аттуу тургундары кармалышкан.
Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иштери козголуп, башка дагы кылмыш иштерине тийешеси бардыгы такталууда. Учурда иликтөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ