Menu

Блогер Сыдыман аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

Бөлүшүү:

Сыдыман деген аты менен таанымал блогер Элмир Сыдыманов аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 17-февраль күнү билдирди.

Алардын айтымында, 1997-жылы туулган Элмир Сыдыманов Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча шектелип, кармалды.

Азыркы учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө. Ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эсиңиздерге сала кетсек, блогер Сыдыман өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына түз эфирге чыгып, анда кээ бир облустардын тургундарына карата жаман сөздөрдү айтып, ашата сөгүп, пас сөздөрдү айткан. Кийинчерээк анын видеосуна эл реакция кылгандан кийин, видеокайрылуу аркылуу элден кечирим сураган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: