Menu

Кубатбек Боронов Мухаммедкалый Абылгазиевдин “Биримдик, ишеним жана жаратмандык” программасын ишке ашырууну улантат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы кызматтан кеткен Мухаммедкалый Абылгазиевдин ордуна техникалык премьер-министр катары сунушталган Кубатбек Бороновдун талапкерлигин карап жатышат.

Кубатбек Бороновдун айтымында, ал мурдагы премьер-министр Абылгазиевдин “Биримдик, ишеним жана  жаратмандык” программасынын ишин улантууга ниеттенүүдө.

“Учурдагы пандемия дүйнө экономикасына, анын ичинде биздин экономикабызга да олуттуу корректировкаларды киргизип жатат. Ошондуктан, жылдын аягына чейин өкмөттүн артыкчылыктуу жактарында бир катар өзгөртүүлөр болушу күтүлүүдө” – деп билдирди Кубатбек Боронов.

“Өкмөттүн бардык иши “Биримдик, ишеним жана жаратмандык” программасына коюлган индикаторлорду пландоо, аткарууга багытталган. Ошондуктан, белгиленген иштер ыраатттууу түрдө улантылышы керек деп ойлойбуз” – деди Боронов.

Ал кошумчалагандай, өкмөт насыя берүү, электр тармагын өнүктүрүү жана онлайн-салыктарга өтүү боюнча көрсөткүчтөрдү жогорулатууну көздөп жатат.

“Биз өлкөнү реформатор жана эл аралык рейтингдин катышуучусу катары көрсөткүбүз келет” – деп билдирди Боронов.

Ал ошондой эле, өкмөт экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүү жана аны андан арын өнүктүрүү боюнча комплектүү иш-чаралардын пакетин иштеп чыга турганын кошумчалады.

Кубатбек Боронов санатиптештирүү тармагына да токтолду.

“Санариптештирүү тармагында бир катар оорчундуу иштер жасалды жана жасалып жатат. Алардын баары мындан ары да улантылат. Коронавируска байланыштуу акыркы 3 айдын ичинде санариптештирүү боюнча дагы жаңы көз караштар пайда болду. Буга чейинки түзгөн пландарга өзгөртүү киргизүү менен иштерди улантмакчыбыз” – деди Боронов.

“Азыркы келип жаткан өкмөт баарын түшүнүп турабыз. Мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөттүн составы түзүлөт. Ага чейин пландалган иштердин бардыгын, мамлекеттеги саясатты колдоо менен алдыга жылдыруунун үстүнөн иштейбиз. Ал боюнча саясий дагы, моралдык дагы эрк бар. Ишненим көрсөтсөңүздөр, бул иштерди сиздер менен чогуу алып барабыз деп ойлойбуз. Биргелешип пандемияны жеңип, таза жана ачык шайлоо өткөрүшүбүз керек” – деп сөзүн жыйынтыктады Кубатбек Боронов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: