17-октябрда, ЖК жыйынында депутат кыш мезгилинде Бишкек-Ош жолунун абалын көтөрдү. “Негизги маселе – оор жүк ташыган автоунааларда болуп жатат. Аны чечүүнүн бир эле жолу бар – кыскартыш керек, ал эми жүктү темир жол менен ташууга өткөрөлү, ошондуктан тарифдерин кыскарталы. Өзбекстанда жаңы президент келери менен тарифдер 30 пайызга кыскарды. Ошондо темир жол менен ташуу көлөмүн 1 млн тоннага көтөрөбүз, тарифдер 50 пайызга кыскарат. Мурдагы тарнспорт министрлиги жакшы иштеп жатты эле, азыркынын иштегенин көрбөй жатам. Министрликте коррупцияны алдын алуу бөлүмү бар. Аны жоюп, ордуна инвестиция тартуу бөлүмүн ачыш керек”. – деди депутат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ