Социалдык маселелерди чечүүдө депутат аялдардын аракети күч. Ошондуктан, жергиликтүү кеңештердеги айым депутаттардын дагы эсебин жокко чыгарып албашыбыз керек. Бул тууралуу депутат Карамат Орозова кечээ, 14-февралда “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.
Аймакты өнүктүрүү жылында андагы көйгөйлөрдү чечүүнүн эптүү жолу аял депутаттардын аракетине байланыштуу. Андыктан, алардын потенциалын жогорулатуу үчүн тиешелүү мыйзамдын өзгөртүүлөрүн караштырып жатабыз, – деди депутат.
Ошол эле уктурууга катышкан депутат Айнуру Алтыбаева, “Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо мажоритардык системанын сакталып калышы аялдардын депутат болуп келишинде бир топ татаалдыкты жаратууда. Ошондуктан, жок дегенде аялдардын жергиликтүү кеңештерге келишине жол ачууда 30%дан кем болбогон резервдик орундардын караштырылганы туура. Бул максатта даярдалган тиешелүү мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, Жогорку Кеңеш депутаттары аны 102 добуш менен колдоп беришкен болчу. Эми бул маселени акыр аягына чыгаруу максаты турат”, -дейт.
Айылдык кеңештердеги аялдардын эсеби улам төмөндөп жаткандыгын бир катар цифралык көрсөткүчтөр менен санап берген “Социалдык технологиялар” агенттигинин өкүлү Бактыгүл Исланбекова да түз эфирге катышып маанилүү маалыматтар менен бөлүштү. “Айылдык кеңештердеги аялдардын курамы 2004-жылы 19%ды түзгөн болсо, жылдан – жылга бул көрсөткүч 2%дан төмөндөп жаткандыгын изилдөөлөр көрсөттү. Эгер ушул темп сакталып олтурса, анда 2020 – жылы жергиликтүү кеңештердеги айымдардын курамы 1-2 гана пайызды түзүп калышы мүмкүн, – деген тынчсыздануулар бар”, – дейт жарандык коомдун өкүлү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ