Кечээ, 24-сентябрда Ысык-Көл областынын Бостери айылына жакын жайгашкан Ичке-Сөгөттү тоосунда куураган чөптөр күйүп өрт чыккан. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ӨКМдин Ысык-Көл райондук №31 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 23 куткаруучу, №33 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу, №35 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, жалпы 36 куткаруучу өрт өчүрүү ишине тартылып, бирок түн кирип кеткендигине байланыштуу кечки саат 21:00дө өрттү өчүрүү иши токтотулган. Өрттүн кесепетинен жалпы 15 га куураган чөп күйгөн.
Бүгүн, 25-сентябрда өрт өчүрүү иштери кайрадан жандандырылып, куткаруу улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ