Mac абалында унаа айдап жүргөнү үчүн Англия футбол курамасынын мурдагы капитаны жана “Эвертон” клубунун оюнчусу Уэйн Руни айдоочулук күбөлүгүнөн эки жылга ажыратылды. Ага кошумча 100 саат коомдук жумуш, 170 фунт стерлинг айыппулга жыгылды.
Аны менен бирге эле, “Эвертон” Руниге 300 миң фунт айыппул салды. Бул Рунинин эки жумалык маянасы.
Руни 1-сентябрга оогон түнү үйүнөн анча алыс эмес жерде кармалган. Анын канындагы алкоголдун өлчөмү уруксат берилгенден үч эсе көп болуп чыккан.
Футболчу сотто командадагы өнөктөштөрүнөн, менеджерлеринен жана күйөрмандарынан кечирим сурап, чоң ката кетиргенин мойнуна алды.
31 жаштагы Руни буга чейин көп жыл “Манчестер Юнайтед” клубунда ойноп, команданын капитандыгын да аркалаган. Ал өткөн жайда “Эвертон” клубуна өткөн.
Булак: “Алиби”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ