Menu

Жогорку Кеңеште кино тартуудагы сцена менен эпизоддун айырмачылыктары такталды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз  Республикасынын  кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөгү» мыйзамдын  5,6-беренелеринин ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу максатында даярдалган мыйзам долбоорун карап, анын концепциясын колдоого алды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзамдын 6–беренесине ылайык, “Учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырган; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка үгүттөгөн; улуттук, этностук, рассалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга багытталган; улуттук же тектик артыкчылык, сабырсыздык жөнүндө, ошондой эле порнографиялык мазмундагы сценаларды фильмге киргизүүгө жол берилбейт”,- деп белгиленген.

Жаңы долбоордун сунуштамасы боюнча 5-берененин 2–абзацынын «Аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө» деген сөздөрүнөн кийин «ушул мыйзамдын 6-беренесинде  каралгандан башка учурларда» деген сөздөр менен толукталат.

Талкууда депутат Садык Шер-Нияз ,- “Кинодогу сцена деген кыска көрүнүш. Бирок, аны таптакыр жоюп салуу мүмкүн эмес. Эгер чындап эле сценага жол берилбей турган болсо, кинотасманын татымы кетип калат. Балким, сцена деген түшүнүктү эпизод менен алмаштырып карасак, анда маселе башка”, – деген пикирин билдирди.

Ошондой эле депутат, – “Кино тартуунун кыйынчылыктарына  кара жанын карч уруп чыдаган, каражатына чейин камсыздоого чуркап иштеген продюсердин эмгеги көмүскөдө калып эле, эмне үчүн бышкан аштын ээси көп болуп “Кыргызфильмдин” директору тартылган кинонун продюсери болуп чыга келет?”  – деген сурооону койду.

Келечекте Өкмөт каржылаган кинолорго “Кыргызфильм” директору продюсер болбош керек. Буга чейин деле ушул талап сакталууга тийиш болчу, – дейт С.Шер-Нияз.

Депутат Евгения Строкова болсо, окутуу тарбиялоо иштеринде кинонун ролу зор экендигин айтып, цензуранын болгону жакшы деген пикирин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: