Ирактын түндүгүндөгү Күрт автоном аймагында расмий Багдаддын каршылыгына карабастан көз карандысыздык боюнча референдум өтүп жатат.
Мурдараак Ирак Күртстанынын аймактык өкмөтүнүн президенти Масуд Барзани юридикалык жактан милдеттендирүү мүнөзүнө ээ болбогон бул добуш берүү — облустун көз карандысыздыгы тууралуу сүйлөшүүлөргө карата жасалган алгачкы кадам болорун билдирген.
Эртең мененки саат 8:00дө Күртстандын аймагында 12 миң добушкана ачылды. Добуш берүү 12 саатка созулуп, алгачкы жыйынтыктар бир сутканын ичинде чыгат деп күтүлүүдө. Каттоодон өткөн 5,3 миллион шайлоочунун басымдуу бөлүгү көз карандысыздыкты колдойт деп болжонууда.
БУУ, АКШ жана бир катар Батыш өлкөлөрү референдумга карата тынчсызданууларын билдиришип, добуш берүүдөн кийин талаштуу аймактарда толкундоолор болуп кетсе, «Ислам мамлекети» тобуна каршы күрөштөн көңүлдү башка жакка буруп кетиши мүмкүндүгүн белгилешүүдө.
Референдум өткөрүү идеясы Багдад менен катар эл аралык коомчулуктун, анын ичинде өз аймактарында күрттөрдүн этникалык топтору жашаган Түркия менен Ирандын каршылыгына туш болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ