Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Булак айылынын А.А. аттуу жашоочусу арыз менен аймактык милиция бөлүмүнө кайрылган. Анткени анын тоодогу мал сарайынан 3 баш козулары жана 1 баш жылкысы белгисиз себептер менен биринин артынан бири жок болуп кеткендигин билдирген. Бул туурасында Талас ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн Бакай-Ата РИИБнин кызматкерлери иликтөө жүргүзүп, шектүүнү кармашкан. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 28 жаштагы А. М. аттуу тургуну болуп чыккан. Ал жабырлануучунун сарайында акыга мал багып, 2016-жылдан бери иштеп, жашап келген. Ушул жылдын июнь айынан бери баш аягы менен 3 баш козусун жана 1 баш жылкысын улам акча керек убакта билгизбей сатып жүргөндүгү аныкталган.
Аталган факты боюнча бүгүнкү күндө Бакай-Ата РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси менен (ишенип берген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ