Menu

Зилалиев Алдар көсөөнүн баштыгына салынды

Бөлүшүү:

Шайлоонун шайтан оюндары күн санап күч алууда. Канча какшап, “Мыйзамды сыйлайлы” деген менен мыйзамды уруп ойнобогондор четтен чыгып атат. 21 -сентябрда активист Адил Турдукулов жана Эрик Ирискулбеков президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоого үгүттөгөн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кайрылуусу боюнча укуктук баа берүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына эки арыз жазышкан.

Эске салсак, 19-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусунун активи менен жолугушуп, КСДПнын талапкерин колдоорун айткан. Коомдук пикир жаралып кеткен соң БШК аргасыз бул маселеге баш бакты.

24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдогонун айтканы боюнча чечим кабыл алынды. БШКнын жумушчу тобу Дүйшөнбек Зилалиевге караштуу маселеге укуктук баа берүү үчүн материалдарды Башкы прокуратурага жиберүү, ошондой эле өкмөткө анын кызматтык жоопкерчилигин кароо боюнча чечим кабыл алды. Жумушчу топтун мүчөлөрүнө Зилалиев Жээнбековду колдоо боюнча оюн тар чөйрөдө жеке айтканын билдирген. Алардын маалыматына ылайык, бул үгүттөөгө Сооронбай Жээнбековдун тиешеси жок экен.

БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова Башкы прокуратурага материалдарды жөнөтүү керектигин белгиледи. Анын айтымында, ММКларга чыккан маалыматтар кылмыш ишин козгоого негиз боло берет. “Ал жөнөкөй шайлоочу катары оюмду айткам деп жатат. Башкы прокуратурага жөнөтүшүбүз керек. Сөзсүз түрдө баа бериши керек. Жоопкерчиликке тартыш керек. Башкы прокуратура мыйзам бузуу болгону же болбогону боюнча 3 күндүн ичинде жооп бериши керек”, – деди ал. Жыйынтыгында Зилалиевге караштуу маселеге укуктук баа берүү үчүн материалдарды Башкы прокуратурага жөнөтүү сунушу өткөн жок. Ал эми өкмөткө анын кызматтык жоопкерчилигин кароодо катуу чара көрүүнү жөнөтүү чечимди колдошту. Айтор Алдар көсөөнүн баштыгындай чечим. Өзү Өкмөттүн бакыйган жетекчилеринин бири болсо ага ким чара көрмөк эле. БШКнын бул аргасыз чечими башка талапкерлерге кандай болот болду экен эми.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: