Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязовго КСДПнын ардагерлери менен активисттеринин ичи чыкпай атканы бизге чейин угулууда. Региондордогу үгүт иштери артка калып кеткенине, пиар жагы жетишсиз болуп атканына нааразы болуп атышыптыр. Негизинен Ниязовдун ак кагазга макала жазгандай кыялданып жүргөнүн жактырбагандар арбып, шайлоодогу кара жумуштардын солгундаганына жини келгендер жарылганы калдыбы? Фарид мырзага ишенбеген Асылбек Жээнбеков өзүнчө каракулжалыктардын штабын түзүп алып, параллелдүү иштеп атканы да көп нерсенин ыйкы-тыйкысын ачыктап аткансыйт. Практика жүзүндө тыл бекем болбосо душмандарга коюн-колтук ачылып калат эмеспи. Терең ойлонушпаса эртең кеч болуп калбасын!
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ