Menu

Элмира Ибраимова Акүйгө каршы аракеттерин улантат

Бөлүшүү:

Мындан ары Элмира Ибраимова президенттик шайлоого аттанган Темир Сариевдин штабын башкарбайт. Ал 25-сентябрда «Акшумкардын» офисинен коштошуу ишарасын жасап, өз алдынча кетти. Аны менен кошо бир топ саясатчылар да Темикеден кол үзүшкөнү маалым болду. Албетте, шайлоо жакындаган сайын штабдын ичи тынч болбой, бириндеп, ыдырап атканы өкүнүчтүү көрүнүш. Негизинен Сариевдин эң башкы кемчилиги – финансылык каражатынын тартыш болгону, мына ошонун айынан баштапкы мүдөөлөрү аягына жетпей аксоодо. Буюрганы болот дечи. Бул күндөр да келечек үчүн сабак катары саналат. Ал эми Элмира Султановна тилектештери менен Өмүрбек Бабановду колдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганы, ошого катар бийликке каршы турууга белсенишкени каңкууланды.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: