Menu

Жанар Акаев, депутат: “Буга чейинки “Лиглас” чуусу аз келгенсип, эми “Мегакомду” сатып ала тургандар да шектүү адамдар экен”

Бөлүшүү:

– Жанар мырза, чехтердин «Liglass Trading» компаниясы ГЭС курууга жөндөмсүз экендигин депутаттардан биринчилердин болуп сиз айтып чыктыңыз эле. Эми алардан эч майнап чыкпасын өкмөт да моюнга алууга аргасыз болду окшойт.

– Биз муну кайдан билдик? Чех медиалары, сайттары «өмүрү тегирмен куруп көрбөгөн чехиялык компания Кыргызстандын улуттук байлыгын колго алды» деп жазып чыгышты. Анан биз ошого кызыгып, казып баштадык. Иликтеп, документтерине кызыгып көрсөк, чындыгында эле бул компания өмүрүндө бир дагы ГЭС курбаптыр. «Австрияда, Азербайжанда ГЭС курганбыз» деп маалымат берип койсо, биздин өкмөт ошого ишенип алган. «Чехиянын «Юникредит» банкында 383 млн. евро акчабыз бар» дешкен. Эртеси эле аталган банк «алардын бизде бир тыйыны да жок» деген маалымат таратты. Биз ошол замат өкмөткө, депутаттарга айта баштадык. Бирок, көпчүлүгү буга маани бербей коюшту. Натыйжада уят болушту. Коомдук терс пикир жаралды. Ал эми «Лигласты» түптөгөндөр «биз Кыргызстандан ондогон ГЭСтерди колго алдык, бизге каражат бергиле» деп Американын биржаларында миллиондорду жасап алышты. «Лигластын» Америкадагы өнөктөштөрүнө кызыгып көрсөк, алар дагы буга чейин соттолгон адамдар экен. «Лиглас» Кыргызсганга 37 миллион төлөмөк турсун, 1 млн. 147 миң доллар уставдык капиталды да төгүшкөн эмес. Качан биз ызы-чуу салгандан кийин гана төгүштү.

– Бирок, Зилалиев «Кыргызстан эч кандай зыян тарткан жок» деп атпайбы…

-Булар Кыргызстанды уят кылышты. Ушундан кийин бизге нормалдуу инвестор келеби? Экинчиден, убакыттан уттурушту. Нарын каскады «Русгидро»менен соттошкону аз келгенсип, эми ага «Лиглас» кошулду. Улам-улам соттошуп жаткан өлкөгө ким келет? Эми соттошчу болсо «Лигластагылар» биздин өкмөттөн кимдер менен сүйлөшүшкөндөрүн, кимге канча «шапка» бергендерин да айтып бериши мүмкүн. «Лиглас» азыркы жаңы өкмөттүн бетине көө жаап, анын түбүнө жете турган маселе. «Лигластын» ызы-чуусу али алдыда.

– Кесиптешиңиз Алтынай Өмүрбекова депутаттык комиссия түзүп, чех компаниясы Кыргызсганга кимдер аркылуу келгенин иликтөөнү сунуш кылбадыбы. Сиз да бул сунушту колдойсузбу?

– Бул абдан туура болот. Анткени, саясый процесстер, мисалы, «оппозиционерлердин камакка алынышын иликтөө боюнча комиссия түзөлү» десек азчылыктын добушу жетпей калып атпайбы. Бирок, «Лиглас» маселесинде КСДП-нын депутаттарынын да кыжырданып жатышкандарын байкадым. Комиссия түзүлсө баардыгы ачыкка чыгат.

– «Мегакомду» сатуу боюнча позицияңыз кандай? 

– «Мегаком» Кумтөрдөн кийинки эле бюджетке салык төлөп жаткан ири ишкана. «Эми сатабыз, биздин талаптарга макул болду» деген адамы «Лигластын» түзүүчүлөрүнөн кем эмес шек жараткан адам. Кениядан чай ташыйт экен, мобилдик компания менен иштешүү тажрыйбасы жок. Атайын кызматтардын ал боюнча маалыматы жок, «биздин Россиядагы элчиликтин маалыматы барбы?» деп сурасам, ал дагы жок. «Жаңы өкмөт куралганда жаш, прогрессивдүү балдар келди» деп сүйүнгөн элдин баары. Бирок, бир айдын ичинде булар жалаң терс жагы менен таанылып жатышкандары өкүнүчтүү. Эгер ушундай жол менен кетсе, «жаштар бийликке келсе» деген элдин үмүтү өчөт.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: