Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркаган үй бүлөлөргө жардам берилүүдө. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Чон-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түштүк борборунун 3 унаасына 17 000 даана кирпич жүктөлүп, жөнөтүлдү.
Ош облусунун Чон-Алай районунда жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга жеңилдик кылуу максатында 2017-жылдын 16-майынан 26-сентябрына чейин жалпы 4161 тонна цемент жеткирилген.
Андан сырткары 2017-жылдын 30-сентябрында КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түштүк борборунун 3 унаасына 17 000 даана кирпич жүктөлүп, жөнөтүлдү.
Жалпы 2017-жылдын 8-августунан 29-сентябрына чейин 357 500 даана кирпич жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ