Menu

Милиция автотранспорт каражаттарын сатып алуу учурунда милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүнү сунуш кылат

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү өзүнүн алдамчылык иш-аракеттерин иш-жүзүнө ашыруу максатында автотранспорт каражаттарын күрөөгө коюп, акчасын алып, жасалма ишеним документтери менен карапайым жарандарга сатышууда жана ушунун негизинде милицияга арыз менен кайрылгандар көп болууда. Бул туурасында Чүй ОИИББнин ПМБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушуга байланыштуу патрулдук милиция автоунаалардын ээлерин милдеттүү түрдө каттодон өткөрүүнү сунуштайт. Көп учурда автоунааны сатып алган учурда өзүнүн же тууганынын наамына ишеним документин жаздырып, кийин каттоодон өткөрүү учурунда, автомототранспорт каражаттарын андан ары колдонуу учурунда көптөгөн көйгөйлөргө туш болушууда.

Мисалга алсак, жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурунда айып пул төлөө жоопкерчилиги автотранспорт каражаттарынын мыйзамдуу ээсине жүктөлөт. Андан сырткары, автоунаага жасалма ишеним документин колдонуу автоунаа алдамчысын издөө ишине кыйынчылык жаратууда. Мурдагы автоунаанын ээсинен башкы ишеним документи менен сатып алган учурда, ал автоунаага ээ болбой калат жана азыркы ээлери мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөрбөй туруп, ал тараптан кеткен материалдык чыгымдарын дагы төлөмдөр болуп калышы мүмкүн.
Урматтуу жарандар! Автотранспорт каражаттарын сатууда жана сатып алууда документтердин жасалма эместигине көңүл бургула. Милдеттүү түрдө каттоодон өткөргүлө. Өзүңдү жана антоунааңды автоунаа алдамчыларынан сакта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: