Menu

Диссидент өзбек жазуучусу эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

27-сентябрда Стамбулдан кайткан маалда Ташкент аэропортунан кармалган белгилүү өзбек жазуучусу Нурилло Отаханов 1-октябрда эркиндикке чыкты. Анын уулу Файзулла Отаханов билдиргендей, кечээ Яшнабад РИИБ башчысы жазуучуну үйүнө чейин жеткирип келген.

Отахановдун тергөө абагынан чыкканы тууралуу маалыматты Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынан да ырасташты. Бирок мекемеден Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салууга айыпталган жазуучунун иши боюнча тергөө амалдары тууралуу эч нерсе айтышкан жок.

63 жаштагы белгилүү өзбек жазуучусу Нурилло Отаханов эки жыл Түркияда жашаган. Анын уулу социалдык түйүндөргө мындан ары атасынын иши эмне болору белгисиз экенин жазды.

Нурилло Отаханов – өлкө президенти Шавкат Мирзиёев чет жактарда жашаган мекендештерин Өзбекстанга чакыргандан кийин мекенине кайтып келген алгачкы өзбек диссиденти болуп эсептелет.

Өткөн жумада жазуучуга карата кылмыш иши быйыл 11-майда козголгону белгилүү болуп, ага анын Түркияда басылып чыккан «Бу кунлар» («Бул күндөр») китеби себеп болгону айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: