Кыргызстан менен Россиянын ортусунда дагы бир россиялык авиабаза ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул туурасында Сапар Исаков РИА Новости маалымат агенттигинин журналисти Андрей Малышкин менен болгон маегинде билдирди.
Журналисттин “Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясы Кыргызстандын Таджикстан менен чектешкен жерине экинчи аскердик базасын жайгаштырса болот деп айткан. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдөбү”, – деген суроосуна премьер-министр төмөнкүчө жооп берди:
— Тиешелүү министрликтердин деңгээлинде бул сурро боюнча консультациялар өткөн. Кыргыз Республикасы өзүндө гана эмес, жалпы аймакта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түштүктө аскерий база жайгаштыруу зарыл деп эсептейт. Бирок азырынча эки тараптуу акыркы чечим жок. Бул боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ