Menu

“Лигласс Трейдинг” эми жаңы өкмөттүн абийирин ачып, ашмалтайын чыгарат

Бөлүшүү:

Кумтөр сыяктуу эле чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы жаңы өкмөттүн абийирин ачып, ашмалтайын чыгарат окшойт. Анткени 2-октябрда бул компания менен кол коюлган келишимдин чоо-жайын иликтеген парламенттик комиссия түзүү сунушталды. Мындай маалыматты билдирген депутат Алтынай Өмүрбекова: “Парламенттик изилдөөнү жүргүзүшүбүз керек. “Лигласс” боюнча ким келишимди түздү, ким аларды тапты, алып келди, ким этегине калкалады, Тышкы иштер министрлигинин эскертүү каты, мунун баарын иликтеп чыгып, өз баабызды беришибиз керек. Маселеге кайрылып, парламенттик комиссия түзүүгө милдеттүүбүз”,- деп маселени кабыргасынан койгондугуна караганда, оппозиция тарабындагы депутаттар С.Исаковдун али бутуна тура элек өкмөтүн ээрден оодарууга каттуу камынып аткан окшойт. Бир чөптүн башын сындырганга жарабаган менен биздин “жакшылар” биринин шапкасын экинчисине кийгизгенге маш эмеспи. Ушул ыкмага салып, алар быйыл 11-июлда чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу келишимге кол коюп, коомчулук менен орус бийлигин “РусГидро” компаниясына болгон 37 миллион лолларды төлөө милдеттенмесин аткарат деп ишендирген. Бирок “мактаган кыз тойдо…” болуп, 10 ГЭС курат деп ишенген чехиялык ишкерлер Бишкекке келип, көчөдө “Манас” такси менен жүргөндө өкмөттөгүлөрдүн үмүтү үч көчкөн журттай калып, ошол күнү эле келишимди бир жактуу жокко чыгарганга шашкан.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: