Menu

Путин менен Бердымухамедов стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшту

Бөлүшүү:

Орусия менен Түркмөнстандын президенттери эки өлкө ортосундагы “стратегиялык өнөктөштүк” тууралуу келишимге кол коюшту. Владимир Путин 2-октябрда акыркы беш жылдан бери Ашхабадга биринчи жолу расмий сапар менен барды.

Путин 2016-жылы эки өлкө ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн азайганына өкүнгөнүн билдирип, жакын арада кырдаал өзгөрөрүнөн үмүт артты. Бердымухамедов Түркмөнстан аймакта Орусия менен тыгыз кызматташууга даяр экенин ырастады. Сапар учурунда эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду, анын ичинде миграция боюнча өкүлчүлүк түзүүгө макулдашты.

Орусия менен Түркмөнстандын ортосундагы мамиле газ жеткирүү маселесиндеги талаштан кийин начарлаган. Түркмөнстан өзүн нейтралдуу өлкө катары сыпаттап келет. Ал Орусия жетектеген Евразиялык экономикалык биримдикке жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө катары кирген эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: