Бүгүн, 24-сентябрда, кыргыз-тажик чек ара маселеси Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде талкууланат. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков катышып, депутаттардын суроосуна жооп берет.
Эскерте кетсек, 16-сентябрда Баткен облусунун Максат айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арасынын ортосунда чыр чыгып, атышуу болгон. Атышуудан13 адам жараат алып, чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Тажикстандан үч чек арачысы каза болгону кабарланган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ