Menu

Вице-премьер-министр Зилалиевге катуу сөгүш берилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевге катуу сөгүш берилди. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 4-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Мындай дисциплинардык чара Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде 2017-жылдын 24-сентябрында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин жоопкерчилигине карата көрүлгөн дисциплинардык чараны мындан да катуураак чарага өзгөртүү боюнча көрсөтмө берилген.

Эскерте кетсек буга чейин, 21-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата уюштуруу, техникалык маселелерине жана шайлоо комиссияларынын даярдыгына көмөк көрсөтүү боюнча  республикалык штабдын төрагасынын милдетин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровго жүктөгөн.

Аталган чечим Премьер-министр тарабынан ЖМК Дүйшөнбек Зилалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин бирине жеке көз карашын билдиргендигине байланыштуу кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: