Menu

Алмаз Атамбаевдин үй-бүлөсү ага ооруну УКМКнын тергөө изоляторунан атайылап жуктурушкан деп эсептешет

Бөлүшүү:

Бүгүн эки тараптуу пневмония менен абактан ооруканага которулган Алмаз Атамбаевдин үй-бүлөсү ага УКМКнын тергөө изоляторунан ооруну атайылап жуктурушкан деп эсептешет. Бул тууралуу Атамбаевдин уулдары Сеид жана Кадыр Фейсбук социалдык тармагындагы баракчаларына жазып чыгышты.

Билдирүүдө УКМКнын тергөө изолятору инфекция жугуучу жайга айланганы, тергөө абагында камакта отургандардын арасында, кеминде 10 кишиден COVID-19 табылганы айтылган.

Алардын айтымы боюнча, УКМКнын тергөө абагында отургандар туугандары аркылуу мекеменин кызматкерлеринен, анын ичинде башчылары да коронавируска шектелип жатышканын айтып беришкен.

“УКМКнын Алмазбек Атамбаев коронавирустук инфекциясын үй-бүлө мүчөлөрү жана адвокаттары менен жолугушуу учурунда жуктуруп алышы мүмкүн деген божомолу абсурд. Биз аз эле кездешкенбиз, жолугушуу учурунда айнек аркылуу гана сүйлөшчүбүз” – деп айтылат маалыматта.

Атамбаев уулдары учурда атасы кайсы ооруканада дарыланып жатканы белгисиз экенин айтышты.

“Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кайда жайгашканын билбейбиз жана бул тууралуу бизге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришкен жок. Аны үй-бүлө мүчөлөрүнө алдын-ала айтпай, жашыруун түрдө чыгарып кеткен”, – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмонияга кабылып, УКМКнын тергөө изоляторунан ооруканага которулганы айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: