“Узбекэнерго” 1-октябрдан тарта калк үчүн электр энергиянын тарифи кымбаттай турганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар кабарлады.
Компания билдиргендей, тарифтердин жогорулашы отун-энергетикалык ресурстардын баасынын өсүшү менен байланыштуу. Алардын наркы дээрлик 5% көтөрүлгөн.
Натыйжада, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн жаңы тариф 1 кВт саатына мурдагыдай 182 сум эмес ($0,02), 191 сумду ( базар курсу менен алганда $0,03) түзүп калат.
Электроплиталар менен жабдылган жеке турак жайлар үчүн баа –95,5 сум ($0,01).
Өлкөдө акыркы жолу электр энергиясынын наркы ушул жылдын апрелинде кымбаттап, өсүш 9% түзгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ