Бүгүн болжол менен саат 01:05 чамасында Ысык-Көл ОИИБнин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу Бактуу-Долоноту айылынын жанынан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткендигин кабарлашкан. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы маалымат боюнча окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу келишип, Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 84- чакырымында «Тойота Лэндкрузер-200» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу болжол менен 40-45 жаштагы жөө жүргүнчүнү, андан кийин электрдик столбаны сүзүп, 21 метр аралыкка чейин барып токтогон. Жабырлануучу окуя болгон жерден мерт кетип, айдоочу автоунаасын таштап белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.
Жол кырсыгынын күбөөлөрүн суроо учурунда каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал Майрам. А. аттуу жергиликтүү тургун болуп чыккан.
Милиция кызматкерлеринин “Кармоо” операциясынын негизинде ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар Чүй облусунун 31 жаштагы Т. Беккул аттуу жашоочусу Чолпон-Ата шаарынын аялдамаларынын биринен кармалган. Кармалган жаранга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Чогултулган материалдар Ысык-Көл ОИИБнин тергөө кызматына жөнөтүлүп, кармалган жаран райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ