Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети биринчи жолу борбордогу жана өлкө аймактарындагы жашоого кооптуу болгон зоналардын картасын түздү. Ага ылайык, үч жыл аралыгында 1400 үй-бүлө бул аймактардан көчүп кетиши керек.
Расмий маалыматтар боюнча акыркы беш жылда жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен Тажикстанда 120дан ашуун киши өлүп, өлкө экономикасы 600 миллион доллар чыгаша тартты.
Жумушчу топ 11 миң киши жашаган 380 кооптуу зонаны аныктаган. 2017-2020-жылдар аралыгында бул үй-бүлөлөр башка жайга көчүрүлүшү керек. Өкмөт аларга жеңилдетилген шартта насыя берүүнү убадалоодо. Мындан тышкары 3 миң сомониден (375 доллардын тегереги) бир жолу жөлөк пул берилет.
Тажикстан өкмөтү буга чейин кооптуу аймактардан 1650 үй-бүлөнү көчүрүү боюнча программа кабыл алган, бирок ал ишке ашкан эмес.
Өткөн айда өлкөнүн тоолуу аймактарында 40тай кар көчкү түшүп, 8 киши курман болуп, бирөө дайынсыз жоголгон.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ