Menu

Бишкек шаардык сот Азимжан Аскаровдун ишин караган жок

Бөлүшүү:

Түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова.

Бишкек шаардык соту өткөн айда түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы апелляциялык доо арызын карап, буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

12-июнда Бишкектин административдик соту Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан. Буга «иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт» деген жүйө келтирилген.

Аскаровдун адвокаттары бул чечимге макул болбой шаардык сотко даттанышкан. 20-августта Бишкек шаардык соту мурдагы чечимди күчүндө калтырып, ишти өндүрүшкө алган жок.

Бул талаш Бишкек шаардык сотунда каралганга чейин укук коргоочу Азимжан Аскаров түрмөдө каза болгон. Ал 25-июлда түрмөдө пневмониядан көз жумган.

Былтыр 23-ноябрда Азимжан Аскаров «БУУнун сунуштарын эске албай, чечимин аткарбай жатат» деген негизде өкмөткө каршы арыз жазган. 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана калыс сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

Аскаровдун сот жараянындагы мураскери катары сунушталган аялы Хадича Аскарова да жараянга катышып, күйөөсүнүн арызын Жогорку сотко чейин жеткирүүгө ниети бар экенин айтты:

«Соттон мен адилеттикти күтүп жатам. Мен жолдошумду актап беришин суранам. Ал күнөө кылбай, күнөөкөр болуп өтүп кетти. Мен аны түрмөдө каза болот деп ойлогон эмес элем. Ал мен келген сайын келечек тууралуу жакшы ойлору менен бөлүшчү. Ошондуктан мен үчүн, балдарым үчүн да анын өлүмү күтүүсүз болду. Ошого карабай ал үчүн бардык сот отурумдарына катышып, күрөшүүгө даярмын».

БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссариатынын басма сөз катчысы Элизабет Тросселл Аскаровдун өлүмү боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүү зарыл экенин жана анын үй-бүлөсү бийликтен кенемте өндүрүп алууга укугу бар экенин 28-июлда Женевада билдирген. Ошондой эле Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар да кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-августтагы маегинде түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча суроого жооп берип жатып, укук коргоочунун сот иштеринде эл аралык нормалар сакталганын билдирген.

69 жаштагы Азимжан Аскаров 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болду. Ал 2010-жылдагы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Анын сөөгү 31-июлда Өзбекстанда жерге берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: