Белгилүү эстрада жана фольклор ырчысы, КТРКдагы “Кыз-жигит сармерден” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу, “Достор” тобунун солисти Гүлбү Орозкул кызы көз жумду. Бул туурасында “Сармерден” көрсөтүүсүнүн режиссеру Сагын Ниязалиева 5news.kg порталына билдирген.
“Жол кырсыгы болгон жок, адам өлтүрүү болгон жок, эч нерсе болгон жок. Ооруп жүрдү да”, – дейт Сагын Ниязалиева.
Маалыматка караганда, ырчынын үйүнө кечээ түнү Бишкек шаардык “Тез жардам” дарыгерлери келип кетишкен.
Гүлбү Орозкул кызы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылында 1976-жыл, 1-ноябрда туулган.
М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.
Эки кыздын энеси.
Жакында эле неберелүү болгон.
«Балама», «Арзуу», «Мажүрүм тал», «Менин өмүр жазым», «Агылам сага» жана башка ырлары менен белгилүү болгон.
Гүлбү Орозкул кызы 2015-жылдан бери КТРКдагы “Кыз-жигит сармерден” берүүсүн алып баруучусу болуп келген. Ал болгону 40 жашка келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ