Menu

Чүй облустук Патрулдук милициясы жарандарды атайын үн жана жарык менен жабдылган унааларга жол бошотуп берүүнү сунуштайт

Бөлүшүү:

Чүй облустук ИИББгы боюнча Патрулдук милиция башкармалыгы “Манас” аэропортунун жолунда “Маяк” аталышындагы рейд өткөрүштү. Бул туурасында Чүй ОИИБнин ПМБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Рейдди өткөрүү максаты- жаркырак маякчалар жана бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын багыттагы автоунаанын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо, андан сырткары, айдоочуларга атайын бийик үн чыгаргычтары бар унааларды тоскоолдуксуз өткөрүүсүнө жогорку деңгээлде көңүл бурууларын эстетүү.

Башкармалыктын кызматкерлеринин негизги тапшырмаларынын бири- бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын багыттагы автоунаалардын жүрүүсү тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо: тез жардам унаасы, өрт өчүргүч унаасы жана патулдук милициянын унаалары. Өзгөчө кырдаал жаралган кезде көздөгөн жерине бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын багыттагы автоунаалар тоскоолдуксуз өтүүсү керек. Рейд учурунда көптөгөн жол кыймылынын эрежелерин бузгандар көп болду жана анын ичинен өздөрүнүн жарандык милдетин так аткарып, бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын багыттагы автоунааларга жол бошотуп бергендерда кездешип жатышты.

Автоунаалар өтүүчү бул жолдо рейд өткөргөнүбүздүн себеби, мамлекеттик деңгээлдеги делегациялардын автоунаалары өткөнүнө байланыштуу айдоочулар сак болушу кажет.
Башкармалыктын кызматкерлери бардык жол эрежелерин бузгандар административдик жоопкерчиликке тартыла тургандыктарын жана бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын багыттагы автоунаалардын жанынан өздөрүн кандай алып жүрүш керек экендигин түшүндүрүштү.
Чүй ОИИББгы боюнча Патрулдук милиция башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик кодексинин 231-берененин 1-бөлүгү: Транспорт каражаттарынын жолдо жүрүү эрежелерин бузушу же жол кыймылына тоскоолдук кылышы, ошого тете болгон жаркырак маякчалар жана атайын бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын даярдалган автоунаалар менен мотоциклдердин тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылбаса -эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө (500 сом) административдик айып салууга алып келет экендигин эскертет. Талкууда жүргөн жаңы мыйзамдын алкагында, айып пулдун көлөмү 2500 сомду түзөөрүн эскертебиз.

Жөө жүргүнчүлөр дагы өз кезегинде жогоруда көрсөтүлгөн автоунааларга тоскоолдук жаратпоо керек. Ыкчам автоунаалар жолдун өтмөгүнө жакындап калган кезде жүргүнчүлөр тез арада жолдон өтүүгө аракет кылыш керек.

Чүй ОИИББгы боюнча Патрулдук милиция башкармалыгы жол кыймылынын катышуучуларын аймактын көчөлөрүндө сак болууга жана бири-бирин сыйлоого, урматтоого чакырат.
Айдоочу сенин жол кыймылынын эрежелерин бузганың кимдир-бирөөнүн өмүрү турат. Бийик үн, жарык чыгаргычтар менен жабдылган атайын багыттагы автоунааларга туура түшүнүү менен жол бошотуп берүүңүздөрдү суранат!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: