“Тиешелүү тапшырманы бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков берди”, – деп маалымдайт өкмөттүн расмий сайты.
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы абалды ошондой эле алдыдагы аба ырайынын суук болушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү пунктундагы жарандарды ысык тамак-аш, ичүүчү суу жана биотуалеттер менен камсыз кылууну жана чатыр тигүүнү тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына дарыгерлер тобун бөлүүнү, түнү-күнү медициналык тез жардам көрсөтүүнү камсыз кылууну милдеттендирди.
Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында турган оор жүк ташуучу унаалардын санын жана андагы тез бузулуучу азыктарды ташыган унааларды аныктап чыгуу тапшырмасы берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ