2017-жылдын 17-октябрь күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Маевка айылынын бир нече жараны кайрылып, жабырлануучулардын үйү менен автоунааларын өрттөгөн белгисиз жаранга карата чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы факты боюнча Аламүдүн РИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге келип, «Фиат» үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөнүн, ал эми «Тойота Калдина» жана “Субару” үлгүсүндөгү автоунаалардын дөңгөлөктөрүн күйгүзүүгө аракет жасагандарын аныкташкан. Андан сырткары, милиция кызматкерлери тарабынан Маевка айылындагы үйлөрдүн бирин өрттөөгө аракет кылышкан факты боюнча иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда үйдүн ээси өрттөөгө аракет кылган белгисиз жаранды көрүп калганын айткан. Кылмышка шектүү адам жабырлануучуну байкап калып, башын жаап, изин жашырып качып кеткен.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактоо жана кармоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатат. Жогорудагы фактылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө учурунда кылмышка шектүү психикалык оорулуу болушу мүмкүн деген божомолдор бар.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматтары ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Аталган факты боюнча азият улутундагы 30-35 жаштагы жаран шектелүүдө. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жогорудагы факты боюнча кээ бир булактарда тараган улут аралык кастыкты козгоо максатында көрүлгөн аракет деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ