Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 14-сентябрында кабыл алынган.
Мыйзам 2014-жылдын 11-январындагы №210 “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” мыйзамдын 6, 8, 11, 12 жана 14-статьяларынын ченемдерин төмөндөгүлөргө шайкеш келтирет:
-2015-жылдын 31-июлундагы №210 “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамдын административдик актыларды, административдик органдардын аракеттерин же аракетсиздигин сотко чейинки тартипте чечүү бөлүгүнө;
– Евразия экономикалык бирликтин келишимдик укуктук негиздерине.
Мыйзам “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ