Menu

Толкунбек Абдыгулов: «Өлкөнүн экономикалык жетишкендиктери натыйжалуу, ачык жана так мыйзамдар менен тыгыз байланыштуу»

Бөлүшүү:

«Өлкөнүн экономикалык жетишкендиктери натыйжалуу, ачык жана так мыйзамдар менен тыгыз байланыштуу», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 7-декабрда, «Кыргыз Республикасындагы регулятивдик реформаны ишке ашыруу жыйынтыктары» аттуу конференциянын жүрүшүндө. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Вице-премьер-министр эскерткендей, 2015-жылы Өкмөт ЕККУ менен биргеликте регулятивдик реформа боюнча долбоорду ишке киргизген, ал ишкердүүлүктү жөнгө салган мыйзамдарды толук инвентаризациядан өткөрүү процессин демилгелеген.

Долбоордун негизги максаты орун алган тоскоолдуктарды аныктоо, мыйзамдагы карама-каршылыктарды жана кайталоолорду четке кагуу жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюу болуп саналат. Ошондой эле  Премьер-министрдин төрагалыгы астында Регулятивдик реформа боюнча кеңеш түзүлгөн, анын курамына мамлекеттик орган жана бизнес-коомчулук өкүлдөрү кирет.

«Жүргүзүлгөн реформа бизнестин өсүү мүмкүндүгүн кеңейтип, өндүрүштүк процесске прогрессивдүү жана инновациялык технологияларды киргизүүгө, жаңы ишканаларды ачууга жана кошумча жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк түзөт. Өкмөт бул багытта ишин улантууну пландаштырууда. Биз мыйзамды инвентаризациялоо боюнча ишти тутумдук негизде улантып, аны заманбап талаптарга жооп бергидей кылабыз», — деди Толкунбек Абдыгулов.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн «Жаны доорго — кырк кадам» программасында бизнести жүргүзүү жана инвестицияларды тартуу шартын жакшыртууга багытталган иш-чаралар аныкталган.

«Бул мамлекеттин айрым функцияларын бөлүштүрүү, уруксаат документтерин берүүнү, лицензиялоо, каттоо жана көзөмөлдөө функцияларын электрондук форматка өткөрүү. Өлкөдө бизнести тейлөө боюнча борборлор ачылат, алар мамлекеттик органдардын лицензиялык-уруксаат берүү документтерин берүүдө натыйжалуу иш алып барып, ишкерлер корголуп, ишкерлик демилгелер алдыга жылдырылат. “Бир Өкмөт” принциби мыйзам деңгээлинде бекемделип, мамлекеттик органдарга ишкерлерге мамкызмат көрсөтүүдө башка маморгандан алынчу документти же маалыматты суроого тыюу салынат», — деп маалымдады Толкунбек Абдыгулов.

Ал белгилегендей, көптөгөн киргизилген сунуштар алдыга коюлган милдеттерге дал келет.

«Эксперттер тарабынан «Таза Коом» улуттук программасына байланыштуу актуалдуу сунуштар айтылды. Мисалга, административдик процедураларды автоматташтыруу жана санариптик мамкызмат көрсөтүү бизнес жана маморгандар үчүн да убакытты жана финансыны үнөмдөйт. Жакында сунушталган «Маалыматтык киоск» долбоорунун мисалында адам факторунун таасири төмөндөп, мамлекеттик сектордогу коррупцияны жоюуга мүмкүндүк берет», — деди вице-премьер-министр.

Ал кошумчалагандай, аталган реформаны ишке ашыруу жыйынтыгы бизнес, жарандар жана мамлекет үчүн да абдан маанилүү. Толкунбек Абдыгулов ЕККУ көмөгү жана эксперттер тобуна аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өлкөнүн экономикалык жетишкендиктери натыйжалуу, ачык жана так мыйзамдар менен тыгыз байланыштуу. Өкмөт мындан ары карай дагы мамлекеттик жөнгө салуунун заманбап аспаптарын пайдалануу аркылуу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ишти улантат», — деп жыйынтыктады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: