Menu

Зарылбек Рысалиев парламентте ант берди

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Рысалиев Зарылбек Кылычбекович ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал жакында башка кызматка дайындалганына байланыштуу өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Нургазы Нишановдун («Республика – Ата-Журт» парламенттик фракциясы) ордуна келди. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан Аида Касымалиеваны салтанаттуу ант бериши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Белгилей кетсек, Зарылбек Рысалиев 1960-жылы Талас облусундагы Үрмарал айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия институтун, ал эми 1996-жылы Улуттук университетти «укук таануучу» адистиги боюнча бүтүргөн. Ал 2010-2012-жылдары ички иштер министри, 2012-2013-жылдары Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп иштеген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: