Menu

Жалал-Абадда жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 1.5% кыскарды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 476га кыскарды. Башкача айтканда, өткөн жылдын тогуз айында жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 3840 болсо, быйылкы тогуз айда алардын санын 3364 үй-бүлө түздү. Бул өткөн жылдын тогуз айы менен салыштырганда 1,5 пайызга төмөндөөнү билдирет. Бул тууралу Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Асанова билдирди.

Анын айтымында, аталган башкармалык аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишке жарамдуу атуулдарына жумуш табууга көмөктөшүп жатат. Ошол аркылуу ал үй-бүлөлөрдө жакырчылыктын деңгээли төмөндөөгө тийиш. Бул үчүн бош жумуш орундарына шаар боюнча жармаңкелер уюштурулуп турат.

-Ал эми бизде каттоодо турган аз камсыз болгон, жашы улгайган адамдарга жөлөк пулдарын таркатуу менен чектелип калбайбыз. Андан сырткары биздин кызматкерлер күнүмдүк тиричиликке керектүү азыктарын алып барып берип турушат. Маалыма болгондой, көпчүлүк атуулдарыбыз чет жактарга барып иштеп, өздөрүнүн жашоо шарттарын жакшыртышууда. Биз алардын чет жакта эмгектенүүсүнүн мыйзамдуулугуна да көмөктөшөбүз, – дейт А. Асанова.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: